17:41
USD 87.45
EUR 101.76
RUB 1.19

Бишкекте Масалиев проспектисинин бир бөлүгү дээрлик эки жумага жабылат

Бишкекте Масалиев проспектисинин «Нават» чайканасынын жанындагы бөлүгүндө транспорттун кыймылы убактылуу чектелет. Чектөөлөр 9-июндан 23-июнга чейин күчүндө болот.

Бишкек мэриясы
Фото Бишкек мэриясы

Мэриядан билдиришкендей, чектөөлөр жер алдындагы жөө жүрүүчүлөр өтмөгүн куруу иштерине байланыштуу жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында киргизилүүдө.

Шаар тургундарынан жана айдоочулардан каттамдарын алдын ала пландап, бул аймак аркылуу өтүүдө чектөөлөрдү эске алууну суранышат. Ошондой эле муниципалитет тургундарды убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.

Эң көп окулган жаңылыктар