10:54, 08 июня 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда 440 миңден ашык бала «Бала ырысы» жөлөкпулун алат. Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде өткөн кеңешмеде башкармалыктын башчысы Аида Ажиходжоева билдирди.
Анын айтымында, жөлөкпул алуу үчүн документтерди 1-июлдан тарта Эмгек министрлигинин аймактык башкармалыктары аркылуу же санариптештирилген документтер болгон учурда «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу тапшырууга болот. Ал эми мындай документтер жок болсо, Калкты тейлөө борборлоруна (ЦОН) кайрылсаңыз болот.
«Жер-жерлерде Эмгек министрлигинин райондук башкармалыктарынын кызматкерлери жөлөкпулду чектөө боюнча окуудан өтүп жатышат. Нускаманы баарына жөнөтөбүз», — деди Аида Ажиходжоева.
Ал белгилегендей, үч жаштан ашкан балдарга, бала чарчап калган учурда же бала чет өлкөгө туруктуу жашоого кеткенде жөлөкпул берүүдөн баш тартылышы мүмкүн.
Эмгек министрлигинин башчысы Канат Сагынбаев баланын физикалык жана менталдык өнүгүүсү үчүн жашоосунун алгачкы 1 миң күнү абдан маанилүү экенин баса белгилеп, ушуга байланыштуу жаңы төлөмдүн киргизилиши өз убагында болгонун белгиледи.
Эскерте кетсек, жөлөкпул бала төрөлгөн учурдан тартып чектелет жана ал үч жашка толгонго чейин ай сайын ар бир балага 1,2 миң сомдон төлөнөт.
Аймактык башкармалыктарга кайрылганда, арыз ээси ата-энесинин же башка арыз берүүчүнүн өздүк идентификациялык номери (ПИН) көрсөтүлгөн паспортунун көчүрмөсүн, ошондой эле баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн көрсөтүшү керек.
Бийик тоолуу, барууга кыйын болгон калктуу конуштардын жана өзгөчө макамга ээ айрым чек ара аймактарынын тургундары үчүн кошумча талап каралган. Алар аталган калктуу конуштарда туруктуу жашаганын тастыктаган жашаган жери боюнча каттоосу тууралуу маалыматты бериши зарыл.