Кыргызстан менен Беларусь бир катар документтерге кол койду
16:01, 05 июня 2026, Бишкек - 24.kg
Беларустун премьер-министри Александр Турчиндин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосунда бир катар документтерге кол коюлду.
Анын алкагында төмөнкү документтер кабыл алынды:
- Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы Улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу боюнча макулдашуу.
- Эмгек жана социалдык коргоо тармагындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу.
- Үрөнчүлүк чөйрөсүндө кызматташуу боюнча меморандум.
- Айыл чарба жана азык-түлүк тармагындагы биргелешкен комиссиянын 1-жыйынынын протоколу.
- Стандартташтыруу, шайкештикти баалоо жана маалымат алмашуу боюнча макулдашуу.
- Почта кызматтары жана электрондук коммерция боюнча кызматташтык жөнүндө меморандум.
- Ысык-Көл облусу менен Витебск облусунун ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу.
- Кыргыз улуттук университети менен Брест мамлекеттик университетинин ортосундагы меморандум.
- Кыргыз улуттук филармониясы менен Беларусь мамлекеттик филармониясынын кызматташтык жөнүндө меморандуму.
М.В. Фрунзе атындагы музей менен Беларусь мамлекеттик тарых музейинин кызматташтык жөнүндө макулдашуусу.
Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейи менен Беларусь Улуттук көркөм өнөр музейинин кызматташтык жөнүндө макулдашуусу.
Ишкердик кеңеш түзүү жөнүндө макулдашуу.