Бишкектин айрым райондорунда суу өчөт. Себеби

13:57, 05 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарынын айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-июнда саат 09:30дөн 18:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы:

Байтик баатыр көчөсүнүн Иманалиев көчөсүнөн Лесхозная көчөсүнө чейинки тилкеси.

Суу берүүнү токтотуу МИКтин катлованынан суунун агуусун аныктоо авариялык-издөө иштерин жүргүзүү зарылдыгына байланыштуу болууда.

Фото