08:03, 05 июня 2026, Бишкек - 24.kg
Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры июнь айына карата репертуарын жарыялады.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, бул айда кичинекей көрүүчүлөрдү жана театр сүйүүчүлөрүн кызыктуу жомоктор гана эмес, Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде коюлган жаңы премьера күтөт.
Июнь айынын репертуары:
6-июнь:
11:00 — «Падыша Салтан жөнүндөгү жомок» (кирүү акысыз);
18:00 — «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» (премьера).
7-июнь:
11:00 — «Деревяшки. Пиноккионун шаары»;
12:30 — «Пиноккионун жыгач шаары»;
18:00 — «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» (премьера).
13-июнь:
11:00 — «Пиноккионун жыгач шаары»;
12:30 — «Деревяшки. Пиноккионун шаары»;
18:00 — «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» (премьера).
14-июнь:
11:00 — «Деревяшки. Пиноккионун шаары»;
12:30 — «Пиноккионун жыгач шаары»;
18:00 — «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» (премьера).
20-июнь:
11:00 — «Алдар Көсөнүн жоруктары»;
12:30 — «Карлик Нос».
21-июнь:
11:00 — «Карлик Нос»;
12:30 — «Алдар Көсөнүн жоруктары».
Көрсөтүлгөн спектаклдерге билеттердин баасы 200 сомду түзөт. Ал эми «Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт» жана «Пиноккионун жыгач шаары» спектаклдерине кирүү акысы 500 сом.