09:20, 03 июня 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда жер жана жайыттардын бирдиктүү санариптик картасы түзүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн жер аянттары боюнча ар кайсы жерде чачыранды болгон маалыматтарды бир санариптик аянтчага чогултуу чечими кабыл алынды. Аткаминерлер менен иштеп чыгуучулар жаңы агрардык IT-системаларды ишке киргизүүнү талкуулашканы белгиленген.
Учурда ведомство төмөнкүдөй санариптик долбоорлорду ишке ашырууда:
«Райондук улуттук айыл чарба реестринин паспорту» (Паспорт РУАР) жана «Idyikan». Бул платформалар жер-жерлердеги фермерлердин эсебин жана иштерин автоматташтырат;
«АГРОМАП» АТСи (Автоматташтырылган маалыматтык системасы). Система жер аянттарына мониторинг жүргүзүү үчүн түзүлгөн жана жетекчиликке болжолдуу отчёттордун эмес, реалдуу аналитиканын негизинде чечим кабыл алууга жардам берет.
Министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулунун айтымында, башкы милдет — бардык маалымат базаларын, анын ичинде жайыттар жана жер ресурстары боюнча маалыматтарды бириктирүү болуп саналат. «Бирдиктүү так көрүнүш (карта) болмоюнча, жер тилкелерин ачык-айкын бөлүштүрүү жана жумушту пландаштыруу мүмкүн эмес», — деди ал.
Министрдин биринчи орун басары жооптуу бөлүмдөргө сунушталган санариптик системаларды мындан ары өнүктүрүү боюнча деталдуу план иштеп чыгууну, ошондой эле аларды мамлекеттик жана ведомстволор аралык маалыматтык системалар менен интеграциялоо маселелерин иштеп чыгууну тапшырды.