12:16, 02 июня 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү РФ аймагында эмгектенип жаткан кыргыз жарандарынын эмгек укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо багытындагы иштерин улантууда.
Өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, өкүлчүлүк Орусиянын «Приоритет» ЖЧКсынан (ООО) айлык акысын ала албай жүргөн 18 кыргызстандыкка жардам көрсөттү.
Жарандарга төлөнүп берилген каражаттын жалпы суммасы 1 миллион 648 миң 300 рублду түздү.