Ат-Башыда мыйзамсыз ээлеп алган жайыттарга салынган үйлөр бузулат

11:29, 02 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Ат-Башы районунда жайыт жерлерин мыйзамсыз ээлеп алып, үй салгандарга бузуу талабы коюлду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жайыт жерлерин өзүм билемдик менен ээлеп алуу фактылары аныкталып, айрым жарандар бул жерлерге мыйзамсыз түрдө турак үйлөрдү жана чарбалык курулуштарды куруп алышкан.

Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы. Ат-Башыда мыйзамсыз үйлөр бузулат
Текшерүүнүн жыйынтыгында Жер жана суу көзөмөлү боюнча кызматтын инспекторлору 4 мыйзам бузуучуга эскертүү баракчаларын беришти. Алар бир айдын ичинде мыйзамсыз курулган объекттерди түрттүрүп, жер тилкелерин баштапкы абалына келтирүүгө милдеттүү.

Мындан тышкары, жайыттарды пайдалануу эрежелерин бузгандыгы үчүн 42 жаранга карата протоколдор түзүлдү. Салынган айып пулдардын жалпы суммасы 315 миң сомду түздү.