10:29, 02 июня 2026, Бишкек - 24.kg
«Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК Кыргыз Республикасынын түштүк аймактарындагы табигый кырсыктардын кесепетинен жабыркаган жарандарга камсыздандыруу төлөмдөрүн берүүнү улантууда.
Сел жүрүү жана суу каптоо фактылары боюнча келтирилген зыянды баалоонун жыйынтыгында, 19 жаранга жалпысынан 3 миллион 517 миң 965 сом суммасында камсыздандыруу төлөмдөрү дайындалып, төлөнүп берилди.
Төлөмдөр жүргүзүлгөн калктуу конуштар:
Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмү келтирилген зыяндын көлөмүнө жараша аныкталды. Кээ бир учурларда кенемтенин суммасы 500 миң сомдон 1 миллион сомго чейин жетти.