09:45, 02 июня 2026, Бишкек - 24.kg
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химизациялоо, коргоо жана карантин департаментинин Чүй-Бишкек башкармалыгы тарабынан кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Ак-Жол» фитосанитардык көзөмөл постунда текшерүү жүргүзүлгөн.
Натыйжада Казакстандан алынып келинген 6 тонна күрүчтүн фитосанитардык сертификатында көрсөтүлгөн маалыматтар транспорттук коштоочу документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарга дал келбегендиги аныкталган.
Евразия экономика биримдигинин бажы аймагында карантиндик фитосанитардык көзөмөлдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого ылайык, жүк кайра артка кайтарылды.