09:22, 02 июня 2026, Бишкек - 24.kg
Конго Демократиялык Республикасында Эбола вирусунун кезектеги жайылуусу учурунда 16 медицина кызматкери ооруга чалдыкты. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан билдиришти.
Уюмдун маалыматы боюнча, өлкөнүн чыгышында вирус жуктуруп алган үч медкызматкери жана бир медайым коркунучтуу оорудан толук айыгып, ооруканадан чыгарылды. Учурда жалпысынан беш адам илдетти жеңүүгө жетишти. Бешинчиси — өткөн аптада ооруканадан чыккан лаборатория кызматкери. Дагы бир бейтап — Конгодо оорулууларды дарылап жүрүп вирус жуктурган америкалык дарыгер, ал азыркы тапта Германияда дарылануусун улантууда.
«Айыккандардын саны дагы өсөт деп күтүлүүдө. Буга өзгөчө ооруну эрте аныктоо, медициналык жардамдын өз убагында көрсөтүлүшү, ошондой эле илдеттин жайылышына каршы көрүлүп жаткан чаралардын күчөтүлүшү өбөлгө түзөт», — деп белгилешти .
Учурдагы кырдаал (31-майга карата):
Илдетке каршы күрөшүүнүн негизги чаралары:
ДССУнун өкүлдөрү дарыгерге өз убагында кайрылуу кырдаалды түп-тамырынан бери өзгөртөрүн өзгөчө баса белгилешти. Бейтаптардын 30 пайыздан 50 пайызга чейинкисинин өлүмүнө алып келген бул вирус менен күрөшүүдө жергиликтүү жамааттар (общиналар) менен биргеликте иш алып баруу чечүүчү ролду ойнойт.
Буга чейин уюмдан билдиришкендей, Конгодо да, коңшу Угандада да вирус өтө тездик менен жайылып жатат. Ооругандардын саны өсүүдө жана инфекциянын чек арадан өтүп, башка өлкөгө жугуу учурлары катталууда.