09:00, 01 июня 2026, Бишкек - 24.kg
Бишкек шаарында күн бүркөк болот, жаан-чачындын болушу күтүлбөйт. Синоптиктер ушундай алдын ала божомолду билдиришти.
1-июнда түнкүсүн абанын температурасы +19 градуска чейин, күндүз +35 градуска чейин көтөрүлөт.
2-3-июнда аба ырайы олуттуу өзгөрбөйт. Түнкүсүн +16 градус болушу күтүлөт. Күндүз термометрдин көрсөткүчү +33 градуска чейин жогорулайт.