1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнү!

01:35, 01 июня 2026, Бишкек - 24.kg

Балдар — жердин жандуу гүлдөрү, үй-бүлөнүн жарык нуру, жашообуздун маңызы, келечек ээлери. Ар бир бала ата-эненин мээримине, сүйүүсүнө бөлөнүп, балалыктын бактылуу доорун сүрүп, татыктуу жашоодо чоңойууга укуктуу.

Жыл сайын 1-июнда Балдарды коргоону эл аралык күнү белгиленет. Бул майрам эң алгач 1949-жылы Парижде өткөн аялдардын Демократиялык федерациясынын эл аралык конгрессинде көтөрүлүп, ал биринчи жолу 1950-жылы салтанат менен белгиленген.

Майрамдын максаты — балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу, балдардын бакубат жашоосун камсыз кылуу үчүн кандай чараларды көрүү керектиги тууралуу маалымдоо. Бул күн ошондой эле зомбулук көргөн жана укуктарынын бузулушунун курмандыгы болгон балдарды колдоо жана коргоо максатын көздөйт.

Балдарды коргоо күнү айрым мамлекеттерде 20-ноябрь күнү белгиленет. 1954-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы бардык өлкөлөргө Балдарды коргоонун Бүткүл дүйнөлүк күнүн белгилөөнү сунуштаган, ал ошондон бери белгиленип келет.

Жыл сайын бул майрамдын урматына Кыргызстандын бардык аймактарында балдарга арналган иш-чаралар, салтанаттар уюштурулат.