«Ак-Тилек — автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда 150 жүк ташуучу унаа топтолду

13:10, 25 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, ошол эле учурда сезондук мезгилге байланыштуу жүк ташуу агымынын күчөгөндүгүнөн улам Кыргызстандан чыгуу багытындагы «Ак-Тилек-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун алдында жүк ташуучу унаалардын топтолушу байкалууда.

«25-майга карата «Ак-Тилек-автожол» пунктунун алдында чек ара көзөмөлүнөн өтүү үчүн 150гө жакын жүк ташуучу унаа кезекте турат. Ал эми Казакстандан Кыргызстанга кирүү багытында унаалардын топтолушу катталган жок», — деп айтылат маалыматта.