Кыргызстандык окуучулар Сочидеги биология олимпиадасында 7 медаль утту

11:51, 25 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык окуучулар биология боюнча OIBO-2026 (Open International Biology Olympiad) ачык эл аралык олимпиадасында ийгилик жаратып, 7 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эл аралык интеллектуалдык мелдеш 15-22-май күндөрү Россиянын Сочи шаарында өттү. Ага дүйнөнүн 18 өлкөсүнөн 100дөн ашуун жаш биолог катышкан. Кыргызстандын намысын 6 окуучу коргоп, алар куру кол кайткан жок.

Агартуу министрлиги. Кыргызстандык окуучулар Сочидеги биология олимпиадасында 7 медаль утту

Жеке эсептеги жеңүүчүлөр:

  • Алтын медаль: Дмитрий Рубан («Сейтек» STEM мектеби, 11-класс);
  • Күмүш медаль: Нурсултан Увалиев («Сейтек» STEM мектеби, 12-класс);
  • Күмүш медаль: Улукбек Русланбеков («Сейтек» STEM мектеби, 10-класс);
  • Күмүш медаль: Атахан Исираев («Кут Билим» Ысык-Көл комплекси, 11-класс);
  • Күмүш медаль: Анатай Нурланов (№ 61 автордук мектеп-лицейи, 10-класс);
  • Коло медаль: Эржан Асанов (Х. Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейи, 11-класс).

Жеке мелдештерден сырткары, Кыргызстандын курама командасы топтук долбоорлорду коргоо (Project Round) этабында өзгөчөлөнүп, дагы бир алтын медалды багындырды.

Кыргызстандын курама командасын олимпиадага Асхатбек Темиркулов даярдап барган.