U-23: Ала —Тоо балбандары 6 медаль утту. Үчөө Азия чемпиону болду

07:47, 25 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Вьетнамдын Да Нанг шаарында спорттук күрөш боюнча өтүп жаткан U-23 Азия чемпионатында Кыргызстандык балбандар ийгилик жаратты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Кыргызстандын 6 балбаны байгелүү орундарды ээледи.

Анын ичинде алтын медалдын ээлери:

Ырыскелди Хамзаев 72 кг чейин;

Эрлан Марс уулу 82 кг чейин;

Нурболот Токтогонов 130 кг чейин.

Күмүш медаль ээси:

Жеңиш Жумабеков 97 кг чейин

Коло медаль ээлери:

Нуристан Суеркулов 60 кг чейин;

Баяман Каримов 67 кг чейин.

Вьетнамдын Да Нанг шаарында өтүп жаткан мелдештер 31-майга чейин уланат.