Ош шаарында Айт намаз борбордук аянтында окулат

16:24, 22 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Бул жылы Ош шаарында Курман айт майрамына карата Айт намазы мечиттерде эмес, шаардын борбордук аянтында окулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Муфтияттын маалыматы боюнча, бул жылы Курман айт майрамы 27-майга туура келет.

Фото Интернеттен алынды
Айт намазын өткөрүүнүн тартиби жана программасы:

06:30 — 07:00 — Ыйык Куран аяттарын окуу жана дуба кылуу;

07:00 — 07:25 — Диний баяндар;

07:25 — 07:30 — Айт намазын окуунун тартиби жана эрежелери боюнча жамаатка түшүндүрмө берүү;

07:30 — Айт намазын окуу.