23-майга карата аба ырайы

17:30, 22 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Эртең, 23-майга караган түнү бийик тоолуу райондорго кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорго кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +9...+14 күндүз +18...+23

Таласта түнкүсүн +7...+12 күндүз +17...+22

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11...+16 күндүз +21...+26

Ысык-Көлдө түнкүсүн +5...+10 күндүз +13...+18

Нарында түнкүсүн +4...+9 күндүз +15...+20

Бишкекте түнкүсүн +12...+14°, күндүз +19...+21° болот.