15:37, 22 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химизациялоо, коргоо жана карантин департаментинин Баткен облустук башкармалыгы тарабынан кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Кызыл-Кыя» фитосанитардык көзөмөл постунда 2026-жылдын 22-майында текшерүү иш-чаралары жүргүзүлдү.
Анда Өзбекстандан ташылып келе жаткан 24,7 тонна пияздын таңгактарында маркировканын жок экендиги аныкталды.
ЕАЭБдин бажы чек арасында карантиндик фитосанитардык контролду жүргүзүү тартиби жөнүндө жобонун талаптарына ылайык, аталган жүк кайра артка кайтарылды.