12:30, 22 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Атактуу футболчу Криштиану Роналду алгачкы жолу Сауд Арабиясынын чемпиону болду. «Аль-Наср» клубу акыркы турунда «Дамак» клубун 4:1 эсебинде жеңди.
Муну менен «Аль-Наср» 86 упай топтоп, экинчи орундагы «Аль-Хиляль» клубунан эки упайга озуп кетти жана Сауд Арабиясынын чемпиону аталды.
Бул жеңиш менен 41 жаштагы Криштиану Роналду «Аль-Насрдын» курамындагы өзүнүн алгачкы кубогун утуп алды.
Эске салсак, бул трофей Роналду үчүн 2023-жылдын башында саудиялык клубга өткөндөн берки алгачкы расмий титул болду. Буга чейин команда Араб чемпиондорунун кубогун жеңген, бирок ал турнир расмий макамга ээ эмес болчу.