Пайдалуу кеңеш: Дарыгер аптапты кантип көтөрүү керектигин түшүндүрдү

12:05, 22 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Ысык аба ырайында кеңседе иштегенде суу балансын сактоо жана көчөдөгү аптапка салыштырмалуу өтө кескин айырмаланбаган, орточо температурадагы суусундуктарды ичүү маанилүү. Бул тууралуу «Sputnik» радиосуна медицина илимдеринин талапкери, диетолог, терапевт Римма Мойсенко эскертти.

Эксперт бөлмөнү дайыма желдетип турууну жана суюктук ичүүнү көзөмөлдөөнү — саат сайын болжол менен 200–250 грамм суу ичип турууну сунуштады. Ошондой эле тамактануу рационунан оор, майлуу жана куурулган тамактарды, ошондой эле жолдо баратып тез-татым жегенди алып салуу керек.

Аптаптуу күндөрү ысык чай ичүү пайдалуу, ал магний жана натрий сыяктуу микроэлементтердин жоготууларын толуктоого жана жүрөк-кан тамыр системасын колдоого жардам берет. Ошону менен бирге, таттуу азыктарга, анын ичинде мөмө-жемиштерге жана балмуздакка этият мамиле кылуу зарыл, анткени алар табитти ашыкча ачып жибериши мүмкүн.

Диетолог ошондой эле жогорку температураны жеңилирээк көтөрүү үчүн кеңседе жеңил кийим киүүнү жана мүмкүнчүлүк болсо, душка түшүп турууну кеңеш кылды.