УКМК: Ош шаардык төрөт үйүнүн башчысы кармалды

11:11, 22 мая 2026, Бишкек - 24.kg

УКМК Ош шаардык төрөт үйүнүн кызматкерлери тарабынан бейтаптардын көйгөйлөрүн жана муктаждыктарын чечип берүүдө акча каражаттарын системалуу түрдө алуу фактыларын аныктады.

Маалыматка ылайык, 20-майда козголгон кылмыш ишинин алкагында Ош шаардык төрөт үйүнүн жетекчиси К.А. кармалды. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында акчалай сый акысын алуу боюнча көптөгөн фактылар аныкталды.

Фото УКМКнын басма сөз кызматы . Төрөт үйүнүн башчысы

Шектүү убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.