Чолпон-Атада Тажикстандын Кыргызстандагы Маданият күндөрүнүн жабылуу аземи өттү

08:04, 22 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Чолпон-Ата шаарындагы Рух-Ордо маданий борборунда Тажикстан Республикасынын Кыргызстандагы Маданият күндөрүнүн жабылуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Ажымалиев Тимурлан Максатбекович жана Тажикстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ализода Назирмад катышты.

Жабылуу аземинин алкагында кыргыз жана тажик өнөрпоздору тарабынан концерттик программа тартууланып, эки элдин достугун, маданий байланышын жана руханий жакындыгын даңазалаган чыгармачыл номерлер көрсөтүлдү.

Маданият министрлигинин басма сөз кызматы. Тажикстандын Кыргызстандагы Маданият күндөрү аяктады
Иш-чарада эки мамлекеттин маданий кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн мааниси белгиленип, мындай маданий алакалар элдер ортосундагы достукту бекемдөөгө өбөлгө түзөрү айтылды.

Тажикстан Республикасынын Маданият күндөрү Кыргызстанда бир нече күн бою өтүп, анын алкагында концерттер, көргөзмөлөр, кино көрсөтүүлөр жана башка маданий иш-чаралар уюштурулду.