13:29, 21 мая 2026, Бишкек - 24.kg
«Old Bishkek» долбоорунун алкагында Бишкектин борборундагы унаа тыгындарын азайтууга багытталган инфраструктуралык иштердин негизги этаптары аяктады. Натыйжада, Шопоков көчөсүнүн Киев көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгүндө унаа кыймылы кайрадан жанданды.
Аталган долбоорду ишке ашырган компаниядан билдиришкендей, шаар борборундагы логистиканы татаалдаштырып, буга чейин бир тараптуу болуп келген бул тилке жолдун өткөрүмдүүлүгүн жогорулатуу жана чектеш магистралдарды жеңилдетүү максатында эки тараптуу кыймылга өткөрүлдү.
Муну менен катар, комплекстин 200 унаага ылайыкталган (анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн да орундар каралган) эки деңгээлдүү жер астындагы унаа токтотуучу жайы техникалык режимде иштей баштады. Унаа токтотуучу жайдан түз эле «Old Bishkek» комплексине жана «Чынар» соода борборуна кирүүгө болот.
Жер астындагы автоунаа тутумунда тыгындарды болтурбоо үчүн унаалардын кириши Киев көчөсү тараптан, ал эми чыгышы Шопоков көчөсүнө, «Алтын» дүкөнүнүн тушуна багытталган.
Унаа токтотуучу жайды колдонуу процесси толугу менен автоматташтырылып, төмөнкү заманбап технологиялар орнотулду:
Комплекстин техникалык мүнөздөмөсү жана коопсуздугу:
Учурда комплекстин ички инженердик жана унаа тутумдарын жөнгө салуу иштери катар жүрүүдө. Жалпы тармак 8 эскалаторду, тепкичтерди жана 10 панорамалык лифтти камтыйт:
Объекттин коопсуздугу бирдиктүү диспетчердик борбор тарабынан күнү-түнү (24/7) көзөмөлдөнүп турат: долбоорлонгон 350 видеокамеранын 160ы учурда толук иштеп жатса, калгандарын монтаждоо иштери уланууда.