09:30, 21 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Британдык Radio Caroline радиостанциясы король Карл III каза болгонун жаңылыштык менен кабарлагандан кийин кечирим сурады. Бул окуя британ монархы каза болгон учурда радиостанциялар тарабынан колдонулуучу «Монарх» деп аталган протоколдун кокусунан ишке кирип кеткенинен улам келип чыккан. Станциянын жетекчиси Питер Мур протокол кокусунан активдешип кеткендиктен, Улуу даражалуу Королдун каза болгонун жаңылыш жарыялап алганын түшүндүрдү.
Анын айтымында, бул мүчүлүштүккө «башкы студияда кеткен компьютердик ката» себеп болгон. Окуядан кийин Radio Caroline алгач түз эфирде кечирим сурап, андан соң социалдык тармактар аркылуу королго жана угуучуларга багытталган кечирим суроосун кайталаган. Ката билдирүү угулган эфирдин жаздыруусу көп өтпөй радиостанциянын сайтынан өчүрүлгөн.
1964-жылы негизделген радиостанция буга чейин падышалык үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн расмий кайрылууларын уктуруу сыймыгына ээ болгонун жана муну келечекте да улантууга үмүттөнөрүн баса белгиледи. Бул окуя болуп жаткан учурда Карл III Түндүк Ирландияда сапар менен жүргөн жана учурда онкологиялык оорудан дарылануусун улантууда.