09:15, 21 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Ысык-Көл облусунун Барскоон капчыгайындагы алгачкы космонавт Юрий Гагариндин эстелигинин жанындагы карагайларды да кыйып салышты. Бул тууралуу Threads социалдык тармагынын offroadtourkg аттуу колдонуучусу билдирди.
Дарактардын кыйылышын жол курулушу менен байланыштырышууда. Белгилей кетсек, республикада бардык жерлерде жашыл өсүмдүктөр жок кылынууда жана бул дайыма эле өзүн актай бербейт.
Сиз жаңылыкты 0555312024 номуру аркылуу WhatsApp-ка жөнөтүп, кабарлай аласыз.