14:03, 20 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Жеке ишкер Р.Ч. 2026-жылдын 20-апрелинде Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаеванын жеке кабыл алуусунда болуп, өзүнө карата кыйноо колдонулганын айтып берди жана укуктарын коргоону суранды. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.
Арыз ээсинин айтымында, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети үстүбүздөгү жылдын февраль айында ага каршы кылмыш ишин козгогон. Р.Ч. УКМКнын имаратында сурак учурунда 9 кызматкер аны ур-токмокко алып, кабыргасы сынганына даттанган.
Ишкер коопсуздук кызматынын кызматкерлерине чара көрүү өтүнүчү менен Аскер прокуратурасына кайрылган. Бирок прокуратура анын саламаттыгына келтирилген залал боюнча соттук-медициналык экспертизанын корутундусу жоктугуна шилтеп, иш козгоодон баш тартканын айтты. Акыйкатчыдан укугун коргоо менен бирге тергөө органдары алган жеке буюмдарын, анын ичинде автоунаасы жана паспорту кайтарып алууга көмөк сураган.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана эл аралык нормалар боюнча эч ким кыйноого жана адамкерчиликсиз мамилеге дуушар болбошу керек экенин эскертет. Акыйкатчы Институту Башкы прокуратурадан ишкердин арызы боюнча буга чейин кабыл алынган чечимди кайра карап чыгуу сунушу менен кат жөнөттү.
Башкы прокуратура 2026-жылдын 18-майында Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту («Дене-бойго зомбулук колдонуу менен же аны колдоном деп коркутуу менен бийликтен аша чабуу») менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатканын маалымдады.
Белгилей кетсек, Акыйкатчы Институтунун алдында Кыйноолорду алдын алуу жана укук коргоо органдары тарабынан адам укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүү борбору иш алып барат. Борбор менен байланыш үчүн шыр байланыш номери —