09:15, 20 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Министрлер кабинетинин кезектеги жыйыны өтүп, аны өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев алып барды.
Минкабдын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, КР Жер кодексине шайкеш келтирүү максатында айрым чечимдерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтомдун долбоору каралды. Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин баяндамасы угулду.
Кабыл алынган чечимдин негизинде төмөнкү жоболорго өзгөртүүлөр киргизилди:
Бул токтом менен Минкабдын бир катар чечимдери Жер кодексинин жаңы редакциясына шайкеш келтирилет. Тактап айтканда, улуттук жана инвестициялык долбоорлор үчүн жер участокторун берүү тартиби өркүндөтүлүп, мамлекеттик жана муниципалдык жерлерди натыйжалуу пайдалануу камсыз кылынат. Мындан тышкары, жер тилкелерин берүү жол-жоболору жөнөкөйлөтүлүп, электрондук форматтагы кызматтар киргизилүүдө.
Адылбек Касымалиев бул документтин улуттук жана инвестициялык долбоорлор үчүн өзгөчө мааниси бар экенин белгилеп, токтомдун долбоору коомдук талкууга да чыгарылганын кошумчалады.