12:04, 20 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Аба ырайынын кескин өзгөрүшү ден соолукка өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Дарыгер Анна Косенкова «Российская газета» басылмасына берген маегинде аптаптан коргонуу боюнча сунуштарын бөлүштү.
Ал белгилегендей, тердөө күчөгөндүктөн күнүнө экиден эки жарым литрге чейин суу ичүү зарыл, ошондой эле алкоголдон баш тартып, кофени чектөө керек. Тамактануу рационун жашылча-жемиштердин, балыктын жана эттин майлуу эмес түрлөрүнүн пайдасына өзгөрткөн оң.
Көчөгө табигый кездемеден тигилген ачык түстөгү кийим жана баш кийим кийип чыгуу сунушталат. Ал эми улгайган адамдарга жана өнөкөт оорулары бар жарандарга саат ондон кечки бешке чейин үйдө болгону жакшы. Спортчуларга ысып кетүүдөн сактануу үчүн машыгууларды эртең мененки же кечки убакытка жылдыруу сунушталат.