09:03, 20 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Болот Чолпонбаев курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мекемеден билдирди.
Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Буга чейин Чолпонбаев министрликке караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментин жетектеп келген. Курулуш тармагындагы эмгек жолу 2013-жылы инженер адисинен башталган.
Ал эми министрдин мурдагы биринчи орун басары Самат Жантелиев жазган арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.