Бишкекке Кытайдын коомдук коопсуздук министри келди

16:15, 19 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 19-майда Кытайдын коомдук коопсуздук министри Ван Сяохун баштаган делегациясы расмий сапар менен Бишкекке келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Сапардын алкагында Кытай делегациясы менен ички иштер министри Улан Ниязбековдун эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылган.

Сапардын жүрүшүндө тараптар укук коргоо тармагындагы кыргыз-кытай кызматташтыгынын маселелерин, ошондой эле ведомстволор аралык мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат.