15:06, 19 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Бишкекте ФИФАнын июнь айындагы күндөрүнүн алкагында өтө турган «Үч улуттун кубогу» эл аралык турнирине катышат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Роберт Просинечкинин шакирттери Долон Өмүрзаков атындагы стадиондо эки беттеш өткөрүшөт:
Эки оюн тең саат 18:30да башталат.
Бул эл аралык турнир улуттук курама команданын 2027-жылдагы Азия Кубогуна даярдануусундагы негизги этаптардын бири болору белгиленген.