12:25, 19 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги өлкөдөгү өзгөчө макамга ээ болгон 5 мамлекеттик жогорку окуу жай менен «Жогорку билим берүүдөгү сапат жана инновациялар» (КИВО) долбоорунун алкагында субкредиттик келишимдерге кол койду. Долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылууда.
Ведомствонун маалыматына ылайык, университеттерге жалпы 19 миллион 551 миң 900 АКШ доллары өлчөмүндө каражат бөлүнөт. Бул каражаттар илимий-изилдөө жана инновациялык борборлорду түзүүгө, лабораторияларды заманбап жабдуулар менен камсыздоого, санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө жана жаңы билим берүү программаларын ишке киргизүүгө жумшалат.
Каржылоо төмөнкү жогорку окуу жайларга бөлүндү:
Долбоордун алкагында ар бир университетте өз багыты боюнча изилдөө жана инновациялык борборлор түзүлөт. Алар суу жана экологиялык коопсуздук, азык-түлүк жана биологиялык коопсуздук, биомедициналык изилдөөлөр, жасалма интеллект жана киберкоопсуздук, ошондой эле онкологиялык ооруларды алдын алуу багыттарында иш алып барат.
Министр Гүлзат Исаматованын айтымында, эгемендүү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу мамлекеттик университеттердин илимий инфраструктурасын өнүктүрүүгө түздөн-түз 19,5 миллион доллардан ашык инвестиция бөлүнүп жатат. Ал бул каражат өлкөнүн илимий-технологиялык келечегине жасалган стратегиялык салым экенин белгиледи.