12:13, 19 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Бир караганда жөнөкөй көрүнгөн бул кеңештер таң калыштуу жыйынтыктарга алып келиши мүмкүн
Өзүн төмөн баалоо, өз күчүнө ишенбөөчүлүк, өзүн сүйбөө жана сыйлабоо — мунун баары жашоону абдан ууландырат. Мындай учурда: «Эгерде андай болбогондо, канчалаган иштерди жасамакмын...» — деген ой көбүнчө башка келет.
Өзүн-өзү сүйбөгөндүктөн улам ишке ашпай жаткан пландар менен каалоолор жөнүндөгү ойлор жөн гана баш ичинде айланып же кагаз бетинде калып кетпеши үчүн, төмөнкүлөрдү эстен чыгарбоо керек:
1. ӨЗҮҢ ЖӨНҮНДӨ ЖАМАН ОЙЛОБОО
Өзүн төмөн баалаган адамдар, өз ийгиликтерине жана жетишкендиктерине карабай, өздөрүн терс өңүттө гана көрүшөт. Кичинекей эле ийгиликсиздик аларды тең салмактуулуктан чыгарып, өзү жөнүндө жалаң жаман ойлоого мажбур кылат. Мындай ойлорду токтотуп, аларга позитивдүү өң берүүнү үйрөнүү зарыл. Жаңылыштык үчүн өзүңдү күнөөлөөнүн ордуна, кырдаалды талдап, жыйынтык чыгарып жана келечекте мындай нерсе кайталанбашы үчүн кандай иш-аракет кылуу керектигинин планын карап чыккан оң.
2. ЖАЛГЫЗДЫКТАН КОРКПОО
Ар бир адам белгилүү бир убакыт ичинде жалгыз болушу керек . Бул далилденген мыйзам ченемдүүлүк. Бирок, өзүн төмөн баалаган адам мындай кылсам жакындарымдын көңүлүн оорутуп алам деп ойлошу мүмкүн. Ал эми иш жүзүндө бул таптакыр андай эмес. Адам өзү менен өзү жалгыз калганда эс алат, бир нерселерди талдайт, түшүнөт жана башка. Ага жеке мейкиндик жана өзүнө гана жумшала турган убакыт керек, ал убакыт абдан аз болсо дагы. Бул эч кандай эгоизм (өзүмчүлдүк) эмес.
3. ӨЗҮҢДҮ АЙЫПТООНУ ТОКТОТУУ
Өзүңө сый-урмат жана жылуулук менен мамиле кылуу керек, өзүңдү дайыма эле соттой берүүгө болбойт.
4. ЖАКЫН ЖАНА КЫМБАТ АДАМДАР МЕНЕН УБАҚЫТ ӨТКӨРҮҮ
Бул тынчтанууга, эс алууга шарт түзөт, ошондой эле позитивдүү эмоциялар менен кубаттайт.
5. ӨЗҮҢДҮ АЛДАБОО
Өзүңдү алдоого аракет кылбашың керек, баарынан мурда өзүң менен чынчыл болушуң зарыл. Ички дүйнөдөгү гармония курчап турган чөйрөдөгү гармонияны жаратат.
6. ӨЗҮҢ МЕНЕН ЖАЛГЫЗ КАЛГАН МҮНӨТТӨРДӨН ЫРАХАТ АЛУУ
Кээде аргасыз жалгыздык адамды коркутуп, капа кылып, тең салмактуулуктан таптакыр чыгарып жиберет. Эч ким жолтоо боло албаган убакытты баалай билүүгө жана аны өзүңө жаккан нерсеге жумшоого үйрөнүү керек.
7. МЕЗГИЛ-МЕЗГИЛИ МЕНЕН ӨЗҮҢДҮ ЭРКЕЛЕТИП ТУРУУ
Күйгүзүлгөн шамдардын жарыгында жыпар жыттуу майлар кошулган ваннага түшүү, массаж алуу, сүйүктүү ресторандагы даамдуу тамактардан ырахат алуу — буга мисалдарды толтура келтирсе болот.
Бир караганда жөнөкөй көрүнгөн мындай кеңештер таң калыштуу жыйынтыктарга алып келиши мүмкүн, бирок, каалаган башка иштердегидей эле, бул жерде да эң башкысы — багынбоо жана баарын өз агымына таштап койбоо.