Шашылыш билдирүү! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн

10:38, 19 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шамалга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, жакынкы үч саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен каттуу шамал катталышы күтүлөт.

ӨКМ жарандарды жолдордо этият болууга жана мүмкүн болсо үйдөн чыкпай турууга чакырат.