10:03, 19 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 19-майдагы жыйынында Жогорку Кеңештин бош калган депутаттык мандатын Максат Алымбековго өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Максат Алымбеков № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча парламенттин депутаты болуп катталды. Ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырылды.