09:23, 19 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети акыркы беш жылдын ичинде бюджетке Ош облусунун 55 жылдык бюджетине барабар болгон сумманы кайтарды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаевдин жергиликтүү калк менен жолугушууларынын алкагында УКМКнын аймактык башкармалыгынын башчысы Канат Табалдиев билдирди.
Эскерте кетсек, өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен учурда өлкөнүн бардык аймактарында жергиликтүү аткаминерлердин калк менен жолугушуулары өтүп жатат.
Аткаминерлер Ноокат районунун тургундарынын суроолоруна жооп беришти.
Канат Табалдиев белгиленген мөөнөт ичинде мамлекетке каражат жана мүлк түрүндө 302 миллиард сом кайтарылганын тактап өттү.