08:31, 19 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Бүгүн Бишкектин айрым көчөлөрүндө жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилиши мүмкүн.
Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, чектөөлөр 19-май күнү борбор калаага чет элдик делегациянын келишине байланыштуу киргизилмекчи.
"Кайгуул кызматы жарандарды жаралган кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат",-деп айтылат маалыматта.