Кыргызстанда Курман айт майрамы 27-майда белгиленет

01:01, 19 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 26-май арапа күнү, 27-май Курман айт майрамы деп белгиленди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Курман айт күнү адам баласынын кылган амалдарынын ичинен Аллахка эң сүйүктүүсү — курмандык чалуу болуп саналат.

Курман айт ислам дининдеги эң улуу майрамдардын бири. Бул күндөр мусулмандардын ынтымагын бекемдеп, боорукерликти, жардамдашууну жана курмандык аркылуу Аллахка жакындоону даңазалайт.

Фото