15:19, 18 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын аймагында Эбола безгеги менен ооруган учурлар катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз борборунан билдиришти.
Белгилей кетсек, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Конго жана Угандада катталган Эбола вирусунан улам пайда болгон оорунун жайылышын эл аралык маанидеги коомдук саламаттык сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаал (PHEIC) деп жарыялаган.
ДССУнун жана эл аралык эпидемиологиялык көзөмөл кызматтарынын маалыматына ылайык, Ebola Bundibugyo вирусуна байланыштуу оорунун жайылышы тастыкталган учурлар жана өлүм учурлары менен коштолууда. Аймактагы өлкөлөрдүн бийлик органдары эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте байланышта болгон адамдарды аныктоо, лабораториялык диагностика жүргүзүү, бейтаптарды обочолонтуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүдө.
Белгилей кетсек, Эбола ысытмасы жогорку өлүм көрсөткүчү менен мүнөздөлгөн өзгөчө кооптуу вирустук инфекциялардын катарына кирет. Инфекция оору жуккан адамдын же жаныбардын каны жана башка биологиялык суюктуктары менен түз байланышта болгондо, ошондой эле булганган буюмдар аркылуу жугат. Эбола вирусу аба-тамчы жолу аркылуу жукпайт.
Оорунун негизги белгилери төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн:
дене табынын кескин жогорулашы;
катуу алсыздык жана чарчоо;
баш жана булчуңдардын оорушу;
тамактын оорушу;
жүрөк айлануу, кусуу жана ич өткөк;
ичтин катуу оорушу;
айрым учурларда геморрагиялык белгилер (кан кетүүлөр).
"Кыргызстандын аймагында Эбола ысытмасынын учурлары катталган эмес. Өлкөгө инфекциянын кирүү коркунучу учурда төмөн деп бааланууда, бирок Саламаттык сактоо министрлиги биологиялык коркунучтарга каршы саламаттык сактоо тутумунун даярдыгын камсыз кылуу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүдө",-деп айтылат маалыматта.