Шашылыш билдирүү: Кыргызстанда нөшөрлөгөн жамгыр, сел жүрүшү күтүлөт

11:44, 18 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 19-майдын 23-майына чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда аба ырайынын туруксуздугуна жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.