Акыркы коңгуроо: Министрлик акча чогултууга тыюу салды

11:28, 18 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Агартуу министрлиги 29-майда өтө турган «Акыркы коңгуроо» салтанатына байланыштуу бүтүрүүчүлөргө жана ата-энелерге эскертүү берди.

Министрлик мектептерде жана майрамдык иш-чараларда коопсуздук талаптарын так сактоого чакырып, төмөнкүлөргө тыюу салды:

  • «Акыркы коңгуроо» салтанатын өткөрүү үчүн акча чогултуу;
  • мугалимдерге же мектеп администрациясына белек алуу үчүн каражат чогултуу;
  • мектептен тышкаркы иш-чараларды уюштуруу;
  • ата-энелерге материалдык басым көрсөтүү мыйзамсыз болуп эсептелет.

Ошондой эле, министрлик мектеп жетекчилерин, мугалимдерди жана ата-энелерди мыйзам талаптарын так сактоого чакырып, «Акыркы коңгуроо» майрамы коопсуз жана ашыкча чыгымсыз өткөрүлүшүн эскертти