«Ак-Жол» өткөрмө пунктунун жанындагы автобус аялдамасы бир айдан бери жабык

10:07, 18 мая 2026, Бишкек - 24.kg

«Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун жанындагы автобус аялдамасынын жабылганына бир айдан ашты. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигине окурман билдирди.

Анын айтымында, жүк көтөргөн, жаш балдары бар адамдар аптаптуу ысыкта бир нече чакырым жолду жөө басууга мажбур болушууда.

«Байкуш элдер, бул аймак — Кыргызстандын жүзү да», — деп жазган ал киши.

24.kg окурманы

«Агент 024» болууну кааласаңыз, жаңылыктарды 0555312024 номери аркылуу WhatsApp же Telegram колдонмолорунан жөнөтө аласыз.