09:15, 18 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Улукбек Бегалы уулу «Кыргызтасмасы» мамлекеттик киноборбору" мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Жаңы жетекчи мекеменин жамаатына расмий тааныштырылып, ата мекендик кино өндүрүшүн өнүктүрүү, кинопрокат системасын чыңдоо жана улуттук кинону жайылтуу боюнча артыкчылыктуу багыттар белгиленди.
Анын дайындалышы мамлекеттик киноборбордун ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө, ата мекендик кинопродюсерлерди колдоого жана кыргыз киносун өлкө ичинде жана эл аралык деңгээлде жайылтууга багытталган.