08:30, 18 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Бүгүн, 18-май Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде Эл аралык музейлер күнүнө арналган маданий иш-чара өтөт. Бул жолку майрам «Музейлер бөлүнгөн дүйнөнү бириктирген мейкиндик» деген аталышта уюштурулууда.
Иш-чаранын негизги максаты — улуттук баалуулуктарды, байыркы каада-салттарды жана тарыхый-маданий мурастарды кеңири жайылтуу, ошондой эле жаш муундун тарыхка жана маданиятка болгон кызыгуусун арттыруу.
Программанын алкагында коноктор үчүн расмий ачылыш аземи, музейге акысыз кирүү, атайын экскурсиялык программалар жана «Экспонаттар сүйлөйт» аттуу театралдаштырылган көргөзмө уюштурулат. Мындан тышкары экологиялык маданиятты жайылтууга багытталган «Плоггинг» чуркоо акциясы, улуттук кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси, сайма саюу жана курак токуу боюнча мастер-класстар өтөт.
Ошондой эле катышуучулар ордо, тогуз коргоол, топ таш сыяктуу улуттук интеллектуалдык жана спорттук оюндарга күбө болуп, активдүү катыша алышат.