Президент көп балалуу энелерди «Баатыр эне» ордендери менен сыйлады

14:30, 15 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров көп балалуу энелерди мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо тууралуу жарлыктарга кол койду.

Жети жана андан көп баланы төрөгөн жана татыктуу тарбиялаган энелер «Баатыр эне» ордени менен сыйланды.

«Эне даңкы» медалы менен алты баланы төрөгөн жана татыктуу тарбиялаган энелер сыйланды.