14:05, 15 мая 2026, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын жалпы билим берүү мектептеринде акыркы коңгуроо 29-майда кагылат. Бул өзгөртүү март айындагы жазгы каникулдун узартылышына байланыштуу болууда.
Агартуу министрлигинен билдиришкендей, салтанаттуу иш-чаралар эртең мененки саат 9:00дө башталат. Бул буйрук бардык мектептер үчүн бирдей жүргүзүлөт.
Акча чогултууга, ошондой эле кафе-ресторандарда бүтүрүү кечелерин өткөрүүгө жана жаратылышка чыгууга катуу тыюу салынат.
2-июндан тарта бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик аттестациясы башталып, ал 13-юнга чейин уланат.
9-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн экзамендердин графиги:
11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн экзамендердин графиги:
Дене тарбия нормативдерин тапшыруу 14-майдан 22-майга чейин пландаштырылган.