Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстанга келди

13:27, 15 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда иш сапары менен Казакстанга барды.

Мамлекет башчысынын учагы Түркстан шаарындагы Хазрет Султан атындагы эл аралык аэропортко конду.

Президент Садыр Жапаровду Казакстандын мамлекеттик катчысы Ерлан Карин жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Фото Президенттин басма сөз кызматы. Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстанга келди

Белгилей кетсек, иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Түрк мамлекеттеринин уюмунун мамлекет башчыларынын бейформал саммитине катышат.

Саммиттин ишине ТМУга мүчө-мамлекеттердин: Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле ТМУга байкоочу мамлекеттердин башчылары жана уюмдун башкы катчысы катышмакчы.