11:46, 15 мая 2026, Бишкек - 24.kg
«Евровидение-2026» музыкалык сынагынын бардык финалисттеринин ысымдары аталды. Вена шаарында сынактын экинчи жарым финалы болуп өттү.
Экинчи жарым финалдан өткөн 10 аткаруучу:
Финалда аларга биринчи жарым финалдын 10 жеңүүчүсү (Израиль, Бельгия, Хорватия, Финляндия, Греция, Литва, Молдова, Польша, Сербия жана Швеция), ошондой эле сынактын уюштуруучусу Австрия жана «Чоң бешилтикке» кирген Улуу Британия, Франция, Германия, Италия кошулат.
Музыкалык сынчылар Финляндиянын Линда Лампениус жана Пете Паркконен дуэтин башкы фаворит деп аташууда. Ошондой эле алдыңкы үчтүккө Грециялык аткаруучу Акилас Митилинэос жана австралиялык Дельта Гудрем кирди.
Сынактын финалы эртең, 16-майда өтөт.