Канатбек Абдрахматов Улуттук илимдер академиясынын президенттигинен бошотулду

10:33, 15 мая 2026, Бишкек - 24.kg

Канатбек Абдрахматов Улуттук илимдер академиясынын президенти кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Фото Интернеттен алынды. Канатбек Абдрахматов

Канатбек Абдрахматовго КР Улуттук илимдер академиясынын президентинин милдетин аткаруу 2022-жылдын ноябрь айында жүктөлгөн. Ал ошондой эле УИАнын Сейсмология институтун жетектейт.

КР Улуттук илимдер академиясынын жаңы жнтнкчиси болуп биология илимдеринин доктору, профессор Бекмамат Женбаев дайындалды.

Фото Интернеттен алынды. Бекмамат Женбаев

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, ал 1960-жылы 29-декабрда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сары-Булак айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетин (1987), Россия илимдер академиясынын Геохимия институтунун аспирантурасын (Москва, 1993) аяктаган.

Ал инженер, стажер-лаборант, стажер-изилдөөчү, жетектөөчү илимий кызматкер жана КР УИАнын Биология-топурак таануу институтунун директору болуп иштеген. Континенттердин биогеохимиясы жана организмдердин геохимиялык экологиясы тармагындагы адис. Анын 60тан ашык илимий эмгеги, анын ичинде эки монографиясы жарык көргөн.